Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Эл ишенбеген жана "жемкор" деп санаган мекемелердин тизмеси чыкты


Кыргызстандыктар.
Кыргызстандыктар.

Кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын "эң ишенимсиз жана коррупциялашкан мекеме" деп санашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2018-жылдын экинчи жарымына карата жарыялаган калктын ишеним индексинде айтылат.

Жарандардын купулуна толбогон мекемелердин арасында Бажы кызматынан кийин эле Жаза аткаруу жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматтары, Ички иштер, Саламаттыкты сактоо министрликтери жазылган.

Ал эми калктын ишенимине арзыган мекемелердин бешилтигине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги, Информациялык технологиялар жана байланыш комитети, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кирген.

Статистика комитетинен билдиришкендей, ишеним индекси эл арасындагы сурамжылоонун негизинде чыгарылган. Анда 38 мамлекеттик органдын ишине баа берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG