Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:26

Бишкектеги пандустардын көпчүлүгү суроо-талапка жооп бербейт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Мындай жыйынтыкты 18-январь күнү майыптарга шаар ичинде коюлган имараттардын пандустарын текшерип чыккан жарандык активисттер чыгарышты. Майып адамдар борбор калаанын Свердлов районундагы мамлекеттик мекемелер, коомдук тамактануучу жайлар жана дүкөндөр, жалпысынан 100гө чукул мекемеге орнотулган пандустарды текшерип, алардын 90 пайызы талапка жооп бербей турганын аныкташты.

Маселен, активисттер Чүй облусунун ички иштер башкармалыгына, ушул эле райондогу №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана эл көп кирген коомдук тамактануучу жайлар менен эмерек саткан дүкөндөргө кире алышкан жок. Айрым мекемелерде пандустар такыр жок болуп чыкса, кээси талапка ылайык орнотулган эмес. ​

- Мамлекеттик мекеме-уюмдарда сөзсүз пандустарды курушу керек. Бирок бизде андай эмес, Мен милицияга же ооруканага жалгыз келе турган болсом кире албай калам. Мекемеге кирүү үчүн эки-үч адамдын жардамы керек. Биз Бишкектин борборунда ушундай жагдайдабыз. Аймактарда абал кандай болуп атат? Ушундай маселелерди чечүү ордуна көчөлөрдүн атын алмаштыруу сыяктуу иштер менен алектенип отурушат, - деди акциянын катышуучусу, видеоблогер Оскар Райс.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 180 миңге чамалуу майып адам бар. Анын отуз миңге жакыны 18ге чыга элек.(AlS)

XS
SM
MD
LG