Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Каримованын мурдагы күйөөсү Швейцариядагы акчаны алууга умтулууда


Гүлнара Каримова (солдо) үй камагында болгон учур. 2014-жылкы сүрөт.
Гүлнара Каримова (солдо) үй камагында болгон учур. 2014-жылкы сүрөт.

АКШнын жараны, Өзбекстандын мурдагы президенти маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү Мансур Максуди ажырашкан жубайынын Швейцария банкындагы эсеби жабылган акчанын бир бөлүгүн алууга умтулууда.

Бул тууралуу швейцариялык Der Bund басылмасы Максудинин интервьюсуна таянуу менен жазып чыкканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлады.

Швейцариялык басылманын жазганына караганда, Мансур Максуди бир тууганы Фарид менен бирдикте 800 миллион франктын 100 миллионун алууга умтулуп жатат.

Швейцариядагы банк эсептеринде турган мынчалык каражатты бул өлкөнүн Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованы жана башка адамдарды арам акчаны адалдоого айыптоо менен 2012-жылы камакка алган.

Гүлнара Каримова Мансур Максудиге 1991-жылы турмушка чыгып, 2001-жылы ажырашкан.

“Ажырашуу учурунда Мансурдун жана Фариддин Өзбекстандагы бүткүл мүлкү тартылып алынган. Алардын Coca-Cola Bottlers Uzbekistan компаниясындагы үлүшү швейцариялык Zeromax компаниясына ортомчу фирма аркылуу берилген”, - деп жазат Der Bund басылмасы.

Гүлнара Каримова Өзбекстанда бир катар коррупциялык кылмыштары үчүн соттолгон. Азыр абакта жазасын өтөп жатканы кабарланып келет.

Ташкенттин соту Каримованы салыктан качуу, уурдоо, акча өндүрүү жана офшор компанияларынын документтерин жок кылууга күнөөлүү деп таап, беш жылга абакка кескен. (UE)

XS
SM
MD
LG