Дүйнөдөгү бардык православдар сыяктуу эле Кыргызстанда да Ыйык Чокунуу майрамы белгиленет.
18-январдан 19уна оогон түнү жана эртең менен Бишкек, Чүй жана Караколдогу чиркөө кызматкерлери Кудайга сыйынып, каалоочуларды сууга түшүрүп, чокунтуу жөрөлгөсүн өткөрүшмөкчү.
Бишкектеги епархиядан маалымдашкандай, епископ Даниил православдарды майрамы менен куттуктайт. (ZKo)