Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

"Эйр Манастын" Бишкек-Ош багытына 18-январдагы учуулары токтотулду


"Эйр Манас" авиакомпаниясынын Бишкек-Ош-Бишкек багытына 18-январдагы каттамдары токтотулду. "Манас" эл аралык аэропортунан алынган маалыматка ылайык, бул күнү беш жолу учушу керек эле. Эртең менен бир каттам аткарылып, калганы токтотулган.

Аталган авиакомпания техникалык мүчүлүштүктөн улам ушундай кырдаал жаралганын "Азаттыкка" маалымдады.

"Жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайбыз. Аларга билеттин баасы толугу менен кайтарылат же башка каттамдар аркылуу учууга жардам берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Техникалык мүчүлүштүк качан оңдолору айтылган жок.

Жадыбал боюнча "Эйр Манас" авиакомпаниясы 19-январда да Бишкек-Ош-Бишкек багытында төрт жолу учушу керек. (SE)

XS
SM
MD
LG