Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:05

Магнитогорскидеги жарылуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Көп кабаттуу үйдүн жарылуудан кийинки көрүнүшү. 11-январь, 2019-жыл.
Көп кабаттуу үйдүн жарылуудан кийинки көрүнүшү. 11-январь, 2019-жыл.

Орусиянын Тергөө комитетинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, көп кабаттуу үйдөгү жарылуунун башкы себеби катары мурдагыдай эле газ түтүгүндөгү бузулуу каралууда.

“Башынан тартып эле тергөө трагедиянын мүмкүн болгон себептеринин баарын карап жатат. Бүгүнкү күнгө карата артыкчылык берилген себеп катары газдын жарылуусу калып жатат. Кырсык болгон жерден эксперттер менен криминалисттер алган фрагменттерде жардыруучу заттардын же алардын компоненттеринин изи табылган эмес, - деди бүгүн Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко “Интерфакс” агенттигине.

Буга чейин SITE Intelligence Group уюму Магнитогорскидеги көп кабаттуу үйдө жана кичи автобуста болгон жарылуу үчүн “Ислам мамлекетти” экстремисттик тобу жоопкерчилик алганын билдирген.

“Ислам мамлекети” тобу бул жарылуу үчүн жоопкер экенин өзүнүн апталык Al-Naba басылмасында жарыялаган.

Магнитогорскиде 31-декабрдагы 10 кабаттуу үйдө болгон жарылуудан 39 кишинин өмүрү кыйылган. Эртеси 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай алыстыкта “Газель” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши каза тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG