Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын төлөнө турган жөлөк пул кечигип жатканын "Майып балдардын ата-энелери" ассоциациясынын мүчөлөрү кабарлашкан. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жөлөк пул бир нече күн кечиктирилгенин ырастап, 21-январдан тарта бериле баштарын билдирди:
- Жыл башы болгондуктан, Финансы министрлиги каржылоону ачпай жаткан. Анын үстүнө сегиз күн майрам болуп калды. 16-январдан тарта каржылоо ачылды, райондорго акча жиберилди. 18-январдан тарта жөлөк пул бериле баштады, - деди Кочкоров.
Кыргызстанда отуз миңден ашуун майып бала бар. Алар ай сайын төрт миң сомдон жөлөк пул алышат.(ZKo)