Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:47

"Эйр Манас" 19-январдагы каттамдарынын да жарымын токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Эйр Манас" авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек багытына 19-январдагы төрт каттамынын экөөнү токтотту. Бул күнү компания күндүз эки, кечинде эки жолу учмак.

"Манас" эл аралык аэропортунун сайтындагы кабарга ылайык, күндүзгү учуулар токтотулган. 18-январдагы каттамдар да аткарылбай, буга "техникалык мүчүлүштүк" себеп экени айтылган.

"Жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайбыз. Аларга билеттин баасы толугу менен кайтарылат же башка каттамдар аркылуу учууга жардам берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Техникалык мүчүлүштүк качан оңдолору тууралуу маалымат жок. (SE)

XS
SM
MD
LG