Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Оогандык маңзат соодагерлер тажик жараны үчүн 40 миң доллар талап кылышууда


Тажик-ооган чек арасы. Архивдик сүрөт.
Тажик-ооган чек арасы. Архивдик сүрөт.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы 18-январда кабарлагандай, Тажикстандын Ички иштер министрлиги ооганстандык маңзат соодагерлер уурдап кеткен Турахон Нурматов коңшу өлкөнүн аймагында экенин ырастады.

Чек арада кой баккан чабанды ооганстандык маңзат соодагерлер быйыл 1-январда уурдап кеткен.

Тажикстандык чабандын жакын тууганы Абдугаффор Курбоновдун “Эркин Европа/Азаттык радиосунун тажик кызматына айтканына караганда, “оогандар Турахон Нурматов аларга 40 миң доллар карыз деп ырасташып, бул акча төлөнгөндө гана бошотула турганын” телефондон бир нече жолу билдиришкен.

Буга чейин жоголгон чабанды Тажикстандын аймагында издөө учурунда бир чек арачы офицер мерт болгон. Аны өз кесиптеши капыстан атып алган.

Ооган -тажик чек арасында ооган маңзат аткезчилери аларга карыз деп эсептешкен адамдарды өлтүргөн же үй-бүлө мүчөлөрүн уурдап кеткен, кийин аларды бошотуу үчүн кун катары ири суммада акча талап кылган учурлар буга чейин да болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG