Орусиянын Тергөө комитети Магнитогорск шаарындагы кырсыкка газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгонун айтууда. Ага чейин “Ислам мамлекети” террордук тобу бул атайын даярдалган жардыруу болгонун айтып чыккан.
«Тергөөчүлөр кырсыктын ар бир ыктымал теориясын дыкат иликтеп жатышат. Биздин криминалист адистер окуя болгон жерден алган бир да үлгүдөн жардыргыч зат табылган жок» деп билдирди тергөө комитетинин басма сөз катчысы Светлана Петренко.
31-декабрда Магнитогорскто газ түтүгү жарылып, 39 адам мерт болгон. Анда он кабат үйдө бир подъезд толугу менен урап түшкөн. (RK)