Тажикстандын мамлекеттик телеканалдары көркөм тасмаларды эфирге чыгарар алдында бир сыйра карап чыгып, интимдик мүнөздөгү жерлерин кесип салмай болду. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин төрагасынын орун басары Махмадшариф Бобозода “Азаттык” радиосунун тажик кызматына билдиргенине караганда, мындай видеолор бузуку деп эсептелет жана улуттук баалуулуктарга карама-каршы келет.
Буга чейин ушундай эле чечим «Тажикфильм» киностудиясында кабыл алынган.
Бирок тажик коомчулугу жаңы эрежелерди эки башка кабыл алууда. Айрымдар комитеттин чечимин колдосо, башкалар демократиялык баалуулуктарды чектөө деп атап жатышат.
Мамлекеттик каналдар жаңы эрежелерди киргизүүгө көрүүчүлөрдүн өтүнүчү негиз болгонун айтууда. (RK)