Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Беларус Орусия менен орток валюта киргизүүгө каршы эмес


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларус Орусия менен орток валюта киргизүүгө каршы эмес. Бул тууралуу мамлекет башчысы Александр Лукашенко 18-январда Минскте, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министрлери менен жолугушуу учурунда билдирди. Ал белгилегендей, мындай валюта бирдей шартта түзүлүшү керек.

- Биз орток валютага каршы эмеспиз. Бирок ал Орусиянын Борбордук банкынын эмес, орток валюта болушу керек, - деди белорус президенти.

Бирдиктүү валютаны Орусия, Беларус менен катар Армения, Казакстан жана Кыргызстан мүчө болгон ЕАЭБдин алкагында киргизүү демилгелери да көтөрүлүп келет.

Өткөн айда Казакстан Евразия Экономикалык Биримдигинде (ЕАЭБ) бирдиктүү электрондук валютаны киргизүүнү колдобой турганын билдирген.

ЕАЭБде бирдиктүү электрондук валютаны киргизүү демилгесин Орусиянын “Улуттук төлөм союзу” деген ассоциация көтөргөн. Ал эми Орусиянын Финансы министрлиги бул сунушту колдогонун орус медиасы кабарлаган. (UE)

XS
SM
MD
LG