Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:43

Бакуда оппозициянын митинги өттү


Баку шаары. 19.01.2019
Баку шаары. 19.01.2019

Азербайжандын борбору Баку шаарында бүгүн коррупция темасын жазган блогер Мехман Гусейновду жана башка “саясий туткундарды” бошотуу талабы менен нааразылык акциясы өттү. Митинг бийликтин уруксаты менен уюштурулду. Анын катышуучулары талаптарын өлкө президенти Илхам Алиевге жолдошту.

«Полицияга жалаа жапкан» деген айып менен кесилип, түрмөдө эки жылдык жаза мөөөтүн өтөп жаткан блогер Гусейнов жыл башында ачкачылык жарыялаган. Ага жаза мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыгарында башка иш козголган. Гусейнов жаңы айып боюнча беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Камалганга чейин блогер «Фейсбукта» «Төөнөгүч» деген аталыштагы атайын баракчасына коррупцияга каршы материалдарды жарыялап турган. 2017-жылдын январында «коомдук тартипти бузганы» жана «полицияга баш ийбей койгону үчүн» кармалып, айыппул төлөгөн.

Кийинчерээк Гусейнов полиция аны кармаганда оозун скотч менен чаптап, башына баштык кийгизип, ток урдуруп сабаганын айткан.

Азейбайжандык укук коргоочулардын эсебинде өлкөнүн абактарында 100дөн ашуун «саясий туткун» отурат.

XS
SM
MD
LG