Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Казакстанда кичинекей кыз муз каптаган сууга чөгүп каза тапты

Муз каптаган суу.
Муз каптаган суу.

Казакстанда бир үй-бүлө муз каптаган суунун үстүндө машинеси менен баратып кырсыкка учурады. Окуя Чыгыш-Казакстан облусунун Курчум районунда болгонун өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, машинени Буктарма суу сактагычынын тыюу салынган жерине чейин айдап барышкан. Натыйжада муз катмары жарылып, ичинде ата-энеси жана үч баласы отурган ВАЗ-2109 автоунаасы сууга кирип кеткен.

Төртөө суудан өз алдынча чыгууга үлгүрүшкөн, ал эми беш жаштагы кызды сактап калууга мүмкүн болгон жок. (RK)

XS
SM
MD
LG