Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Манас Ниязовдун формасы 80 миң сомго сатылды


Манас Ниязов.
Манас Ниязов.

“Достук” командасынын улакчысы Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасына жарыяланган аукцион жыйынтыкталды. Сатыкты жүргүзгөн көкбөрү күйөрмандарынын “Инстаграммдагы” kok.boru баракчасы маалымдагандай, Ниязовдун формасы 80 миң сомго сатылды.

Аукцион 9-январда башталып, алгачкы баасы 2 миң сом деп коюлган, бирок сатыктын экинчи күнүндө эле колдонуучулар бааны 40 миң 500 сомго чейин көтөрүшкөн. Аукцион он күнгө созулуп, кечээ, 19-январь күнү кечинде жыйынтыкталды.

Натыйжада @boyka_alan деген даректеги Руслан аттуу колдонуучу эң көп сумманы сунуш кылып, Манас Ниязовдун формасын сатып алууга макулдугун берген.

Баракчада маалымдалгандай, аукциондон түшкөн каражат былтыркы жылдын май айында жабыркаган улакчы Дастан Жакеевге жардам иретинде берилет.

Дастан Жакеев өткөн жылдын май айында “Аккула” ат майданында өткөн Чүйдүн көкбөрү чемпионатында аттан жыгылып кырсыктаган. 1999-жылы туулган жигит ошондон бери өз алдынча баса албайт.

Аукциондон түшкөн каражатты улакчы Ниязов өз колу менен Жакеевге тапшырмакчы. (SDz)

XS
SM
MD
LG