Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Мексикадагы кырсыктан мерт болгондордун саны 73 адамга жетти


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Акыркы маалыматтарга караганда, Мексикада мунай кууру жарылган жерде каза болгондордун саны 73кө жетти. Дагы 74 адам жарадар болуп ооруканада жатат.

Кырсык болгон Идалго штатынын губернатору Омар Фаяддын айтымында, аман калгандарды табуу дээрлик мүмкүн болбой калды.

- Убакыт өткөн сайын аман калгандарды табуу мүмкүн болбой баратат. Жарадарлардын абалы улам начарлап жатат. Кээ бир бейтаптарды, айрыкча өспүрүмдөрдү Техастагы бейтапканага жөнөтүп жатабыз, - деди ал.

Расмий маалыматка караганда, жарылуу куурду белгисиз бирөөлөр өз алдынча оюп алышкан жерде болгон. Ал жакта мунай чогултуп жүздөгөн адам иштеп жаткан.

Мунай уурдоого каршы күрөш Мексикада орчундуу маселелердин бири. Кырсыктан кийин өкмөт мунайды кайра иштетүүчү заводдорду кайтарууну күчөттү. (RK)

XS
SM
MD
LG