Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Орусияда Курил аралдары боюнча нааразылык акциялары өтүп жатат


Хабаровск шаарындагы митингдин катышуучулары. 20-январь, 2019-жыл.
Хабаровск шаарындагы митингдин катышуучулары. 20-январь, 2019-жыл.

Москвада жана Орусиянын башка бир катар шаарларында бүгүн 20-январда Курил аралдарынын айрымдарын Жапонияга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүнө каршы акциялар өтүүдө.

Москвада бийликтин макулдугу менен өткөрүлгөн митингге "Солчул фронт", "Иштиктүү партия", "Башка Орусия", КПРФ партиялары, "Новороссия" жана башка солчул жана улутчул кыймылдар катышты.

Аянтка чыккандар «Курил аралдарын эч кимге бербейбиз!», «Орусияны сатып таратканды токтоткула!», «Курил аралдарынын ордуна Путинди алгыла!» деген жазууларды кармап турушту.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын - Итурупту, Шикотанды, Кунаширди жана Хабомаини Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери талашып келет. Мурда Жапонияга караган аралдарды согуш учурунда Советтер Союзу ээлеп алган. 1956-жылы СССР менен Жапония аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюшканы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган. Аралдардын макамы келишимдин кабыл алынышын артка жылдырып келет. Орусия аралды өзүнүкү деп эсептейт, Жапония буга макул эмес.

Былтыр 14-ноябрда Орусия жапон тарапка төрт аралдын экөөнү өткөрүп берүүнү караган 1956-жылдагы декларацияга кайтуу ниети бар экенин билдирген. 21-январда Москвада Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ катышкан сүйлөшүүлөр өткөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG