21-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5,
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -16...-21, күндүз -9...-14 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 2…4 градус болот.