Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Улуттук опера жана балет театрынын жетекчилигинин жоопкерчилиги каралат


Опера жана балет театрынын имаратына илинген жарнама.
Опера жана балет театрынын имаратына илинген жарнама.

Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында компьютер оюндарынын мелдеши өткөнүнө байланыштуу театр жетекчилигинин кызматтык жоопкерчилиги каралат. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бул үчүн 21-январда тартип комиссиясы түзүлөт.

Министр Азамат Жаманкулов "Азаттыкка" театр имаратында "Dota-2" тармактык компьютер оюндарынын турнири уюштурулганын колдобой турганын айтты:

- Интернетте эки ой болуп жатат. Бирөөлөр “бул - киберспорт, балдардын ой жүгүртүүсүнө, тез чечим кабыл алышына жардам берүүчү оюн” деп жатышат. Бирок “бул оюн балдарды окуудан, күнүмдүк болуп жаткан тарбиялык иштерден алаксытып, башка бир дүйнөгө киргизип жатат” деген экинчи тарап да бар. Аны эксперттер, билген адамдар талдап көрүшү керек го. Бирок бул - киберспорт. Спорттук иш-чара спорттук аянтчада өтүшү керек эле. Театрдын ичинде эмес.

Өткөн жумада Бишкектеги аталган театрда "Dota-2" тармактык компьютер оюндарынын мелдеши болуп, театр сүйүүчүлөр аны социалдык тармактарда сындап чыгышкан.

Маалымат каражаттары театр жетекчиси Болотбек Осмоновго таянып, спорттук мелдеш келишимдик негизде өткөнүн, мында мыйзам бузуу болбогонун жазган.

"Dota 2" киберспорту - спорттун дүйнөлүк алкакта таанылып бараткан жаңы түрү. 2016-жылы Кыргызстанда Киберспорт федерациясы түзүлгөн.

2015-жылы Опера жана балет театрынын сахнасына дасторкон жайылып, жеке адамдын урматына шаан-шөкөт өткөнү, ага аткаминерлер да катышканы катуу сынга кабылган эле. (RK\SE)

XS
SM
MD
LG