Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Азия кубогу: Кыргызстан менен БАЭнин футболчулары күч сынашат

Кыргыз футболчуларын колдоп Бириккен Араб Эмираттарына баргандар.
Кыргыз футболчуларын колдоп Бириккен Араб Эмираттарына баргандар.

Футбол боюнча Азия биринчилигиндеги беттештердин алкагында 21-январда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары күч сынашат. Таймаш Абу-Даби шаарындагы «Шейх Зайед» стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталат. 

20-январда финалдын 1/8 бөлүгү старт алды. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Алгачкы айлампада кыргыз футболчулары Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен таймашкан. Алар кытайлар менен корейлерден утулуп, филиппиндиктерди жеңген жана финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG