Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Басма сөз катчылар чыр-чатакты басаңдатууну үйрөнүп жатышат


Тренинг учуру.
Тренинг учуру.

Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө жана мамлекеттик кызматтарда иштеген басма сөз катчылар атайын окуудан өтүп жатышат. “Басма сөз кызматтары: социалдык түйүндөрдө мультимедиалык каражаттарды колдонуу менен коомдогу чыр-чатактуу абалды басаңдатуу, экстремисттик идеологияга маалыматтык каршылык көрсөтүү” деген темадагы үч күндүк тренингди "Журналисттер" коомдук бирикмеси өткөн аптанын соңунда уюштурду.

Бирикме аны Европа Биримдигинин каржылык көмөгүндө "Internews" уюму ишке ашырып жаткан "Борбор Азияда тынчтыкка жана туруктуулуккка салым кошуу" долбоорунун алкагында өткөрүүдө. Окуу учурунда катышуучуларга Кыргызстандык журналисттердин этикалык кодекси жазылган китепче да таратылды.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин башчысы Марс Төлөгөнов билдиргендей, тренингдин экинчи этабы февралга пландалган.

- Мунусу теория болду. Экинчи этабында ушул эле катышуучулар тажрыбайлык сабактардан өтүп, видео, фотослайддарды жасоону үйрөнүшөт, - деди ал.

Бул өңдүү окутуулар 2018-жылы да болгон. (SE)

"Чыныгы журналист кандай болушу керек?" деген суроонун алкагында тартылган ролик:

Кыргызстандык журналисттин этикалык кодекси тууралуу видео:

XS
SM
MD
LG