Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Афиныда демонстранттар менен полиция кагылышты


Афиныдагы тирешүү. 20-январь, 2019-жыл.
Афиныдагы тирешүү. 20-январь, 2019-жыл.

Грекиянын баш калаасы Афиныда Македониянын аталышы боюнча келишимге нааразылык билдирген демонстранттар менен полиция кагылышты. Жекшемби күнү ондогон митингчилер парламент имаратына кирүүгө аракет кылып, полицияга таш, фейерверктер сыяктуу түрдүү нерселерди ыргытышты.

Полиция аларга каршы дубинка, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Бул окуядан кеминде тогуз полиция кызматкери жабыркады.

Грекиянын өкмөтү 1991-жылдан бери Македониянын аталышына каршы чыгып, өз аймагында дал ушундай эле аталган аймак бар экенин, бул кийин жер талашка себеп болушу мүмкүн болорун билдирип келет.

Македониянын аталышын "Түндүк Македония" деп өзгөртүү боюнча келишимге эки тараптын өкмөт башчылары былтыр июнь айында кол коюшкан. Грекиядагы демонстранттар "коңшу өлкөнүн аталышында Македония деген сөз болбошу керек" деп жатышат.

Дээрлик он күн мурда бул келишимди македон парламенти жактырган. Грек депутаттары жаңы келишимди 21-январдан баштап талкуулап, апта соңунда ага добуш беришмекчи.

XS
SM
MD
LG