Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Ооганстанда президенттик үчүн 14 талапкер ат салышат


Башкы аткаруучу Абдулла Абдулла талапкер катары катталып жатат. 20-январь, 2019-жыл.
Башкы аткаруучу Абдулла Абдулла талапкер катары катталып жатат. 20-январь, 2019-жыл.

Ооганстанда 20-июлга белгиленген президенттик шайлоого катыша турган талапкерлерди каттоо жараяны жекшемби күнү аяктады. Бул мөөнөткө чейин 14 талапкер каттоодон өттү.

Президенттикке талапкерлердин арасында азыркы президент Ашраф Гани, башкы аткаруучу Абдулла Абдулла, улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчи Ханиф Атмар да бар.

Гани менен Абдулла олуттуу эреже бузуу жана добуштарды бурмалоо менен коштолгон 2014-жылкы шайлоого да катышкан. Анда эки тарап тең шайлоодо утуп чыкканын жарыялап, ооган бийлиги туңгуюкка кептелген.

АКШнын ошол учурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керринин ортомчулугу менен эки талапкердин ортосунда мунаса табылып, анын жыйынтыгында Гани президенттик, Абдулла болсо "башкы аткаруучу" деген жаңы түзүлгөн кызматка киришкен.

XS
SM
MD
LG