Бороондон улам Чыгыш Казакстан облусунун аймагында Алматы-Усть-Каменогорск жолунда кыймыл токтоп калды. Өзгөчө кырдаалдар комитети билдиргендей, 20-январда түштөн бери жол жабылып турат.
Жекшембиде кечки маалыматка ылайык, жолдо жети автобус, 45 КаМаз, 30 жеңил автоунаа, жети "Газел" бар. Адамдардын саны - болжол менен 420. Аларды эвакуация кылыш үчүн Өзгөчө кырдаалдар комитети адистерди жиберген.