Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Мамлекеттик циркти жетектегиси келген талапкерлердин программалары менен таанышууда. Министр Азамат Жаманкуловдун “Азаттык” радиосуна айтканы боюнча, азыр төрт кишинин талапкерлиги каралып жатат.
- Азыр талапкерлердин программаларын, концепцияларын карап жатабыз. Бир кишиге токтолуп, чечим чыга элек. 2-3 күндүн ичинде жетекчини коюп калышыбыз керек, - деди ал.
Эки айга жакын убактан бери жетекчи дайындалбай жатканына нааразы болгон Мамлекеттик цирктин кызматкерлери бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгарын “Азаттыкка” билдиришкен. Алар жетекчини дайындоо жең ичинен чечилип, бул тармакта мурда-кийин иштебеген адамды алып келүү аракети болуп жатканын айтып жатышат.
Цирктин буга чейинки директору Курмангазы Исанаев өткөн жылдын соңунда чыгармачыл жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен.
"Циркти башкарат" деп коомчулук ишеним көрсөтүп аткандардын арасында маданият министринин мурдагы орун басары Фархат Бекмамбетов, жарандык активист Азамат Аттокуров, гимнаст Аида Акматова жана балетмейстер Зарылбек Молдобакиров бар.
Кыргыз цирки 1962-жылы түзүлгөн. Учурда бул мекемеде 130 киши иштейт. Анын кыркка жакыны чыгармачыл жамаат өкүлдөрү. СССР убагында кыргыз циркинде 29 түрдүү жаныбар болгон. Азыр үч жылкы гана калды. (КЕ/ZA)