Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

ӨКМ: тоолордо кар көчкү түшүшү мүмкүн


Ош-Бишкек жолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош-Бишкек жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертет.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Каныш-Кыя автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4- чакырымдарында, Казарман - Актал-Чат автоунаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Ушундай эле коркунуч Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек автоунаа жолунда, Чоң-Ашуу ашуусунда бар экени айтылат.

Мындан сырткары, ӨКМ жолдор тайгак болорун билдирип, машинелердин ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG