Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

22-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

22-январда түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 0...5,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1...6,

Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -8...-13 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6° суук, күндүз 1…3° болот.

XS
SM
MD
LG