Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Милиция кызматкери айдап бараткан унаа кырсыкка учурап, бир киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-январдан 21ине караган түнү Бишкектин Анкара көчөсүндө “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автомашина менен “Тайота Авенсиз” автоунаасы кагылышып, экинчи машинедеги жүргүнчү аял каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, эки машиненин айдоочусу оор акыбалда ооруканага жеткирилген. Тергөөдө “Мерседес Бенцтин” айдоочусу милиция кызматкери экени белгилүү болду. Учурда кырсыктын себептери аныкталып жатат.

Расмий маалымат боюнча 2018-жылда 4 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Андан 458 киши каза болуп, 6 миңден ашык адам жабыркаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG