Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу комплексинин жоюлушуна каршы болгон 20дан ашык айыл тургуну бүгүн мектептин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Чогулгандар колдоруна “Аким элге каршы, кетсин!”, “Комплекстин жоюлушуна каршыбыз” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат. Алар комплекстин жоюлушуна Сузак районунун акими Эрмек Омошев кызыкчылыгы бар экенин айтып, анын кызматтан кетишин талап кылышты. Чогулгандар менен эч ким жолуккан жок.
Райондун акими Эрмек Омошев митинг тууралуу кабары жок экенин, бул маселени Билим берүү жана илим министрлиги чечкенин билдирди. Буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаты Калыбек Ажыматов Сузак районунун акими менен Багыш айылдык кеңешинин төрагасынын кыйыр түрдө таасири сезилип жатканын, балдар үйүнүн карамагында бир канча гектар жер, жайыт жана сарай, токой чарбасы бар экенин, алар ушул мүлккө көз артып жатышы ыктымал экенин “Азаттыкка” билдирген.
“Кыргызстандагы интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну оптималдаштыруу жөнүндөгү” өкмөттүн токтомуна ылайык былтыр сентябрь айында Сузак районуна караштуу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйү жоюлган. Бирок анын базасында Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплекси уюштурулган. Мында азыр 300дөй окуучу жана балдар бакчасында 100дөн ашык бөбөк тарбияланат. Былтыр интернат жоюлганда 20дай наристе башка балдар үйүнө которулган. Билим берүү министрлигинин декабрь айындагы буйругу менен окуу комплекси да жоюлгандыгы тууралуу кабар тургундарды дүрбөлөңгө салган. (RsK)