Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

БУУнун Малидеги аскерлерине каршы чабуулду “Аль-Каиданын” өнөктөшү моюнга алды


БУУнун аскери. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
БУУнун аскери. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

20-январдагы кол салуудан БУУнун он аскери өлүп, жыйырма беши жарадар болгон.

Коңшу Чад өлкөсүнөн келген аскерлерге коюлган бул чабуул үчүн бүгүн “Аль-Каидага” байланышы бар “Нусрат ал-Ислам” тобу жоопкерчилик алып, өз аракетин Чаддын президенти Идрис Деби Израил менен дипломатиялык алаканы калыбына келтиргени менен түшүндүрдү.

БУУнун маалыматына караганда, анын аскерлери да чабуулга “чечиндүү” жооп кайтарып, кол салгандардын бир нечесин жок кылган. Бирок конкреттүү цифра айтылган жок.

Батыш Африкадагы Мали өлкөсүндө 2013-жылдан бери БУУнун 100дөн ашуун аскеринин өмүрү кыйылды. Ал жерде 13 миңдей эл аралык аскер БУУнун тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында турат. Бул иш согушкерлер 2012-жылы Малинин түндүк тарабын ээлеп алгандан кийин башталган.

2015-жылы Малинин өкмөтү өлкөдө туруктуулукту калыбына келтирүү максатында куралдуу топтор менен макулдашууга да кол койгон. Бирок ал макулдашуу исламчыл согушкерлердин кыянатчылыгын токтото алган жок. (UE)

XS
SM
MD
LG