Шавкат Мирзиёев Германияга кечээ кечинде келди. Берлинде анын немис канцлери Ангела Меркел, өлкө президенти Франком-Вальтером Штайнмайер, Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен сүйлөшүүлөрү белгиленген.
Мирзиёевдин Германиядагы сапарын утурлай 14-январда Берлинде немис-өзбек бизнес форуму уюштурулган.
Өзбек тараптын эсебинде 2018-жылдын тогуз айында эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 526 миллион долларды түзгөн.
Бул сүйлөшүүлөрдүн алдында “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык укук коргоо уюму Германиянын канцлери Ангела Меркелге кайрылып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда бул өлкөдөгү маалымат каражаттарынын эркиндигин кеңейтүү маселесин козгоого үндөдү.
Уюмдун маалыматына караганда, Өзбекстанда Интернет катуу көзөмөлгө алынган, көптөгөн эркин веб-сайттарга бөгөт коюлган, бул өлкөнү сындаган журналисттер болсо Өзбекстанга киргизилбейт.
“Чек арасыз кабарчылар” бийликке Мирзиёев келгенден бери түрмөдөн журналисттер бошотулганын, бирок бул жөн гана жакшы көрүнүү аракети экенин белгилейт.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 165-орунда турат. (UE)