Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Кочкоров: майып балдарын баккан ата-энелер пенсияга да чыга алат


Улукбек Кочкоров.

Майып балдарын бакканы үчүн 4900 сомдук айлык маяна ала турган ата-энелердин саны 6 миңдей. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров “Азаттык” радиосундагы маегинде билдирди. Министрдин айтымында, акча документтерин тапшырган ата-энелерге 1-февралдан тартып төлөнүп берилет. Ал үчүн майыптыкты аныктоочу комиссиянын “бала ата-энесиинин кароосуна муктаж” деген корутундусу, баланы караган кишинин паспорту керек.

- Азыр 29 900 майып бала болсо, алардын 6 миңи "башка бирөөнүн кароосуна муктаж" деген корутунду менен каттоодо турат. Айлык ошолорго төлөнөт. Алар январда документ тапшырса, февралдан баштап акча ала башташат. Бул жумуштун бир түрү болгондуктан атайын 300 сом салык, 642 сом социалдык төлөм да төлөнөт. Аны бюджеттин эсебинен министрлик өзү төлөйт, ага ата-энелер чуркап, убактысын кетирбейт. Анын натыйжасында алар толук пенсия алууга мүмкүн болот.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 420 миллион сом каралган.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (31)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG