Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Мамэкотехинспекциянын өкүлү жол кырсыгында каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (Мамэкотехинспекция) Ысык-Көл облусундагы район аралык башкармалыгынын башчысы Мирлан Абдрахманов жол кырсыгынан каза болду. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” билдиргендей, жол кырсыгы 20-январда саат 20:15 чамасында Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда болгон. Анда маркум Мирлан Абдрахманов “Тойота Лэндкрузер 470” автоунаасы менен баратканда рулга ээ боло албай, машинеси ала салып кеткен.

44 жаштагы Мирлан Абдрахманов 2018-жылдын март айынан тартып Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл облусуна Каракол шаардык Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз район аралык башкармалыгына башчы болуп дайындалган. (AsM)

XS
SM
MD
LG