Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Ооганстанда “Талибандын” жаңы чабуулдарынан 20 киши мерт болду


Ооганстандын Вардак провинциясы. Сүрөт 2018-жылдын 7-октябрында тартылган.
Ооганстандын Вардак провинциясы. Сүрөт 2018-жылдын 7-октябрында тартылган.

Ооганстандын чыгышында, Вардак провинциясында талибдердин аскердик базага койгон чабуулунан кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылган. Жергиликтүү бийликтин бул маалыматын «Талибан» да ырастап, чабуул үчүн жоопкерчилик алды.

Полиция кызматкерлерин даярдоочу борбор да жайгашкан аскердик базанын жанында алгач жанкечти автоунааны жардырган. Андан соң борборго бир нече согушкер чабуул койгон.

Вардак провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Абдурахман Мангалдын билдиргенине караганда, үч жанкечти бомбасын жардырганга чейин коопсуздук күчтөрү аларды атып өлтүрүүгө үлгүрүшкөн.

20-январда талибдер Логар провинциясынын губернатору бараткан автокербенге кол салышкан. Анда полициянын сегиз кызматкери набыт болуп, ону жаракат алган. (EZK/UE)

XS
SM
MD
LG