Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

“Манас” эпосундагы каармандардын атын ичкиликке коюуга тыюу салуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Манас” эпосундагы каармандардын атын алкоголдук ичимдиктерге коюуга тыюу салган мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлду. "“Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутат Тазабек Икрамов сунуш кылууда. Ага ылайык, «Манас» терминин жана «Манас» эпосунун оң каармандары болгон баатырларды, Манас, Бакай, Семетей, Каныкей, Сейтек аттарын алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки өндүрүмүнө пайдаланууга тыюу салынат.

- Азыркы учурда биздин ыйык баалуулуктарыбызга мамиле кылууда республиканын тарбия берүү түзүмдөрүндө иш жүргүзүү, идеологиянын жана калктын аң-сезиминин деңгээлин көтөрүү зарылдыгы келип чыкты. Балдарыбыздан "Манасты тааныйсыңбы?" деп сурап калышса: “Ооба, билем, “Манас” коньягын билем” дебеши керек. Идеология катары "Манастын урпагыбыз" деп айтып келебиз. Тарбия, таалим алыш үчүн биздин урпактарга, балдарга Манас атабызды даражасын чоң кылып көрсөтүшүбүз керек.

"Манас" эпосу - кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган эпикалык чыгарма. Кыргыз элинин дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Эпостун баш каарманы – Манас.

Кыргызстанда "Манас", “Семетей”, “Бакай” деген аталышта арак жана коньяк бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG