Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Казакстан Сириядан өз жарандарын “эвакуациялоо" операциясын улантат


Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, бул тууралуу бүгүн Астанадан Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

“Бул операция учурунда негизги көңүл бир жаштан беш жашка чейинки балдарга бурулду. Алардын көпчүлүгү Сириянын аймагында жарык дүйнөгө келген. Биз бул операциянын акыркы этабы эмес экенин чечкиндүү айта алабыз. Бул башталышы эле”, - деди Смадияров.

Казак бийлиги буга чейин жарыялагандай, 6-январга караган түнкү “гуманитардык операция” учурунда Сириядан Казакстанга 47 киши, анын ичинде 30 бала, 11 аял, алты эркек кайтарылган.

Бул окуянын артынан Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Сирияда али өлкөнүн 370-380дей жараны жүргөнүн, алардын көпчүлүгү аялдар экенин, алар менен кошо дагы 400-500дөй жаш бала бар экенин билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG