"Oxfam" эл аралык каржы уюму дүйнөдө байлыктын бөлүнүшүндөгү теңсиздик “көзөмөлдөн чыгып”, ажырым күчөп баратканын эскерткен баяндамасын Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумдун ачылышын утурлай жарыялады.
Дүйнөнүн ишкерлик жана саясий каймактары жыйналуучу быйылкы форум 22-январда башталганы турат.
Уюм өз баяндамасында келтирген маалыматка караганда, азыр дүйнөнүн эң бай 26 адамынын колундагы мүлк дүйнө калкынын жарымынын же 3,8 миллиард кишинин байлыгына барабар.
Бир жыл мурда эле дүйнө калкынын жарымынын байлыгына 43 миллиардердин байлыгы туура келчү.
"Oxfam" уюмунун эсебинде, акыркы бир жыл ичинде миллиардерлердин кирешеси 900 миллиард долларга көбөйгөн. Ал эми миллиардерлердин саны 12% көбөйүп, 2208ге жеткен. Ошол эле учурда дүйнөнүн эң жакыр катмарынын кирешеси тескерисинче 11% азайган.
"Oxfam" кырдаалдын чыгуунун жолу катары салык төлөмдөрүн адилеттүү коюуну сунуш кылууда.
Уюмдун көз карашында, эгер дүйнөнүн эң бай бир пайыз калкы байлыгынан 0,5% кошумча салык төлөсө эле бул каражат 262 миллион баланын мектепте билим алышына жетмек.
Дүйнөлүк банк былтыр жыл соңунда жарыялаган баяндамага караганда, 2015-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдө өтө жакырлардын же күнүнө эки доллардан аз каражатка жашагандардын жалпы саны 2013-жылдагыга караганда 68 миллион кишиге азайып, 736 миллионго түшкөн.
Ал эми швейцариялык “Credit Suisse Research” институту былтыр 2018-жылга карата байлыгы бир миллион доллардан ашкан адамдардын саны дүйнөдө 42 миллион 155 миңге жеткенин эсептеген. Булардын 16 миллион 472 миңи АКШда, 3 миллион 294 миңи Кытайда жашайт.
Ошол эле учурда дүйнө калкынын ылдыйкы 50% байлыктын 1 пайыздан азына ээлик кылса, жогорку он пайызы 85% көзөмөлдөйт.
Пирамиданын эң башындагы бир пайызга жетпеген адам же 42 миллион киши 2018-жылы акчалай көлөмү 317 триллион долларды түзгөн байлыктын 45% жакынына же 142 триллион доллардык дүйнө-мүлккө ээлик кылат. (UE)