Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:04

Азия кубогу: Кыргызстан-БАЭ беттешинин экинчи таймы башталды

Азия кубогунда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираты командаларынын оюнунун биринчи бөлүгү 1-1 менен аяктады. “Ак шумкарлардан” голдун автору 26-мүнөттө Мирлан Мурзаев болду. Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан менен оюндун 13-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачкан.

Кыргызстандык футбол баяндамачылардын айтымында, оюн дээрлик тең деңгээлде жүрүп жатат. Беттештин башында талаанын ээлери үстөмдүк кылып жатканы байкалган.

1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде утулуп калган. Ал эми филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

XS
SM
MD
LG