Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Азия кубогу: БАЭ Кыргызстанды 3:2 эсеби менен утту


Оюн учурунда тартылган сүрөт.
Оюн учурунда тартылган сүрөт.

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) оюнунун кошумча таймынын 103-мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Ошентип, 3:2 эсебинде БАЭнин командасы утту.

Калыс "кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты" деген жүйө менен пенальти дайындаган.

1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 1:2, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 0:1 эсебинде утулуп калган. Ал эми филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

XS
SM
MD
LG