Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Азия кубогу: Кыргызстан чейрек финалга өтө алган жок


Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын оюну.
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын оюну.

Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында финалдын 1/8 бөлүгүндөгү Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) футболчуларынын оюну аяктады. Анда 3:2 эсеби менен БАЭ утту.

Беттеш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайид” стадионунда 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталган. Эки команданын беттеши курч мүнөздө өтүп, кошумча убакыт да берилди. Кыргызстандык баяндамачылар футбол калысынын айрым чечимдерин сындап жатышат.

Оюнда алгач талаа ээлери эсепти ачып, 13-мүнөттө кыргызстандыктардын дарбазасына гол киргизишти. Кийин 26-мүнөттө “Ак шумкар” командасы эсепти теңеп, ишенимдүү оюн көргөзүүгө өттү. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары оюндун 65-мүнөтүндө кыргызстандыктарга дагы бир гол киргизгенге үлгүргөн. Бирок Кыргызстан оюндун акыркы 91-мүнөттүндө эсепти теңеп, калыс кошумча убакыт берүүгө аргасыз болду.

Бир саам тыныгуудан кийин 30 мүнөттүк кошумча тайм башталып, оюндун 103-мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Калыс "кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты" деген жүйө менен пенальти дайындаган.

Кыргызстандык баяндамачылар “ак шумкарлар” БАЭнин командасы менен тең тайлаша, жакшы оюн көрсөткөнүн белгилеп жатышат.

Финалдын 1/8 бөлүгүндөгү оюндар 20-январда башталып, андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. Ошентип, Кыргызстан кийинки беттештерге ойноого мүмкүнчүлүк ала алган жок. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүндө ойноду. Буга чейин "ак шумкарлар" бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу.

Алгачкы айлампада кыргыз футболчулары Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен таймашкан. Алар кытайлар менен корейлерден утулуп, филиппиндиктерди жеңген жана финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

XS
SM
MD
LG