Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Керч кысыгында кемелер өрттөнүп, 11 адамдын өмүрү кыйылды


Керч кысыгында кеме өрттөнүп жаткан учур. 21-январь, 2019-жыл.
Керч кысыгында кеме өрттөнүп жаткан учур. 21-январь, 2019-жыл.

Бул тууралуу Орусиянын маалымат агенттиктери кабарлап жатышат. Маалыматка караганда, Кара деңиздин Керч кысыгына жакын бөлүгүндө, эл аралык сууларда Танзаниянын желеги менен келе жаткан эки кеме дүйшөмбү күнү кечинде өрттөнүп кеткен.

“Интерфакс” агенттиги деңизден 11 адамдын сөөгү чыгарылганын, 12 адам аман-эсен куткарылганын, калганы дагы эле изделип жатканын билдирди.

Өрт кемелердин биринен экинчисине өткөндө алардын ичиндегилер деңизге секирүүгө аргасыз болгон. Кырсыкка коопсуздук эрежелери сакталбаганы себеп болушу мүмкүн. ТАСС агенттигинин кабарына караганда өрттөнгөн кемелер суюлтулган газ ташып бара жатканы айтылууда.

Эки кемеде жалпысынан экипаждын 31 мүчөсү, анын ичинде Индиянын жана Түркиянын жарандары болгон.

Кара жана Азов деңиздерин бириктирген Керч кысыгында өткөн жылдын соңунда Орусия менен Украинанын кемелери кагылыша кеткен эле. 25-ноябрдагы окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия”, Орусия “чагым” деп баалаган.

Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган. Орусиянын соту жакында украин аскерлеринин камак мөөнөтүн узарткан. (UE)

XS
SM
MD
LG