Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Валерий Кичин: Биз ойлогонубуздай оюн көрсөтө албай калдык


Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайид” стадиону. 21-январь, 2019-жыл.
Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайид” стадиону. 21-январь, 2019-жыл.

Футбол боюнча Азия кубогунун алкагында финалдын 1/8 бөлүгүндөгү беттеште Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) футболчулары Кыргызстанды 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга өттү. Оюндан кийин Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “ак шумкарлардын” оюнуна комментарий берди:

- Биз пландагандай оюн көрсөтө алган жокпуз. Биз чабуулдарды пландаганыбыз менен коргонууда көп туруп алдык. Андыктан ушундай эсеп болуп калды...

Ошондой эле Кичин Азия кубогундагы Кыргызстандын командасын мындайча баалады:

- Биз мында биринчи жолу плей-оффто ойнодук. Менимче, бул жакшы жетишкендик. Бирок, алдыга умтулушубуз керек. Биз оюнубузду жакшыртып, кийин 1/4 финал, 1/2 финалга аракет кылабыз.

​Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында финалдын 1/8 бөлүгүндө Кыргызстан менен БАЭнин футболчуларынын оюну аяктады. Анда 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту. Беттеш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайид” стадионунда 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталган.

Эки команданын беттеши курч мүнөздө жүрүп, кошумча убакыт да берилди. Кыргызстандык баяндамачылар футбол калысынын айрым чечимдерин сындап жатышат.

Оюнда алгач талаа ээлери эсепти ачып, 13-мүнөттө кыргызстандыктардын дарбазасына гол киргизишти. Кийин 26-мүнөттө “Ак шумкар” командасы эсепти теңеп, ишенимдүү оюн көргөзүүгө өттү. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары оюндун 65-мүнөтүндө кыргызстандыктарга дагы бир гол киргизгенге үлгүргөн. Бирок Кыргызстан оюндун акыркы 91-мүнөттүндө эсепти теңеп, калыс кошумча убакыт берүүгө аргасыз болду.

Бир саам тыныгуудан кийин 30 мүнөттүк кошумча тайм башталып, оюндун 103-мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Калыс "кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты" деген жүйө менен пенальти дайындаган.

Кыргызстандык баяндамачылар “ак шумкарлар” Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен тең тайлашып, жакшы оюн көрсөткөнүн белгилеп жатышат.

1/8 финалдык оюндар 20-январда башталып, андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. Ошентип, Кыргызстан кийинки беттештерге ойноого мүмкүнчүлүк ала алган жок.

5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун 1/8 финалында ойноду.

Буга чейин "ак шумкарлар" бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу.

Алгачкы айлампада кыргыз футболчулары Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен таймашкан. Алар кытайлар менен корейлерден утулуп, филиппиндиктерди жеңген жана финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

XS
SM
MD
LG