Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Ооганстан: Базага коюлган чабуулдан 126 киши мерт болгону кабарланды


“Талибан” кыймылы Ооганстандагы машыгуучу аскердик комплекске койгон чабуулдан кеминде 126 киши мерт болду. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги Коргоо министрлигиндеги жогорку кызматкердин маалыматына таянып кабарлады. Ал эми расмий маалымат боюнча 12 киши каза тапканы айтылган.

“Талибандын” өкүлдөрүнүн айтымында, кыймылдын кол салуусунан 190 оогандык аскер каза болгон. Алардын саны жүздөн ашканын жергиликтүү бийлик тастыктаганы менен өлкө бийлиги комментарий бергенден баш тартты.

"Reuters" агенттиги аскерлерге моралдык таасирин тийгизбеш үчүн жергиликтүү аткаминерлерге чабуул жөнүндө медиага кабарлоого тыюу салынганын белгилейт.

Чабуул дүйшөмбү күнү Вардак провинциясынын административдик борбору Майданшахр шаарында болгон. Полиция кызматкерлерин даярдоочу борбор да жайгашкан аскердик базанын жанында алгач жанкечти автоунааны жардырган. Андан соң борборго бир нече согушкер кол салган.

XS
SM
MD
LG