Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Парламент комитети Жанат Бейшеновдун министрликке талапкерлигин жактырды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети транспорт жана жол министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу маалымат ушул комитеттен алынды.

Жанат Бейшеновдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн. 49 жаштагы Бейшенов 2017-жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясынын темир жол транспорт бөлүмүн жетектеп келген.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында мурдагы министр Жамшитбек Калиловду "ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу сынга алган. Калилов 15-декабрда өз каалоосу менен иштен кеткен. ​(TSh)

XS
SM
MD
LG