Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-январь түнү Бишкектин Анкара көчөсүндө “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа менен “Тойота Авенсиз” автоунаасы кагылышып, экинчи машинедеги жүргүнчү аял каза болгон. Ал эми эки машиненин айдоочулары оор акыбалда ооруканага жеткирилген. Тергөөнүн баштапкы маалыматында “Мерседес Бенцтин” айдоочусу милиция кызматкери экени айтылып жатат. Бирок милициянын аты-жөнү, кызматы ачык айтыла элек. Учурда Бишкек шаардык милициясы факт боюнча кызматтык териштирүү башталганын кабарлады.

Социалдык тармактарда бул жол кырсыгынын видеосу тарап, анда рулда отурган адамды милиция кызматкери катары сындап жазышууда. Ал эми кырсыктан каза болгон жаран Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери экени айтылып жатат.

Расмий маалымат боюнча 2018-жылда 4 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Андан 458 киши каза болуп, 6 миңден ашык адам жабыркаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG