Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Мектептеги "электрондук кезек" февралда иштей баштайт

Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкек шаарындагы мектеп директорлору менен жыйын уюштуруп, "электрондук кезек" системасы жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында пилоттук долбоор катары киргизилип жаткан "электрондук кезек" автоматташтырылган маалыматтык системасын иштетүү боюнча айрым маселелер талкууланды. Ошондой эле долбоорду даярдагандар мектеп директорлорунун суроолоруна жооп беришти.

“Электрондук кезек" – мамлекеттик мектептерге 1-класска кабыл алуунун автоматташтырылган система. Бул долбоор сыноо катары 2019-жылдын 15-февралынан баштап ишке киргени турат.

Соңку жылдары балдарды мектепке кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөр күч алганы коомчулукта айтылып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG