14-20-январда Ички иштер министрлигине (ИИМ) жарандар өз эрки менен ондон ашык ок атуучу курал тапшырышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга курал Жалал-Абад облусунан көп өткөрүлдү. Буга чейин милиция кызматкерлери калк арасында курал сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
ИИМ курал-жаракты жана ок-дарыларды, жардыруучу заттарды жана жардыруучу буюмдарды мыйзамсыз түрдө алуу, сатуу, ташуу, колдонуу, сактоо жана алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган аракет экенин үзгүлтүксүз эскертип келет.
Мыйзамдарга ылайык мындай жолго баргандар эркинен ажыратууга чейин жазага тартылат. Ошол эле кезде курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. (TSh)