Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) жемкорлукка баргандардан өндүрүлгөн акча үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 15 231 371 сом которду.
Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мекеменин депозиттик эсепке которгон каражатынын жалпы суммасы 262 992 232 сомду түздү.
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби былтыр июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.
Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. (BTo)