Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

Өкмөт ички каттамдар үчүн эки учак сатып алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү ички каттамдар үчүн эки учак сатып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынында билдирди. Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев “Азаттыкка” азырынча сатылып алына турган учактын үлгүсү жана суммасы аныктала элек экенин билдирди.

- "Учак алабыз" деген сунуш бар, чечимди өкмөт кабыл алат. Өкмөт эки ай сурап жатат. Ушул убакытта бир чечимге келет, - деди ал.

Тармактык комитет “Эйр Кыргызстан” компаниясынын азыркы абалын талкуулап жатат.

Буга чейин “Эйр Кыргызстан” мамлекеттик ишканасынын акцияларынын 49 пайызы өкмөттүн чечими менен сатыкка коюлган. Былтыр комитеттеги талкуу учурунда Маммүлк фонду "мамлекеттик жалгыз авиакомпаниянын абалы оор" деп, абалдан ишкананы менчиктештирүү же Кытай өңдүү авиациясы өнүккөн өлкөлөргө сатуу аркылуу чыгууну сунуш кылган.

Кыргызстандык авиакомпаниялар 13 жылдан бери Эл аралык жарандык авиация уюмунун "кара тизмесинен" чыга албай жатат. Учурда Кыргызстанда каттоодон өткөн 32 учактын жарымынан көбү жараксыз абалда турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG