Ооганстанда талиб согушкерлери аскердик базага кол салганда коопсуздук күчтөрүнүн 45 мүчөсү окко учту. Бул тууралуу ооган расмий өкүлдөрү билдиришти. Окуя 21-январда Майдан Вардак провинциясында болгон. Чөлкөмдүн жергиликтүү кеңеш мүчөсү Каванин Султан эртеси маалымдагандай, чабуулда дагы 70тей киши жарадар болду. Кол салуу "Талибан" америкалык расмий делегация менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандырууга даярдыгын жарыялаганы жатканда болду.
Адегенде жанкечти дүрмөттөлгөн машинени жардырып жиберген. Артынан куралчан 3 киши базага кирип барып ок ата баштаган. Кабарларга караганда кол салгандар атып өлтүрүлдү. Айрым булактар 126 киши өлгөнүн жазышууда.
Сөз болгон базада Ооганстандын Чалгын кызматынын машыгуу борбору жайгашканын Коргоо министрлигинин атын атабаган өкүлү билдирди.